реклама

13-февраль, 1939-жылы Кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев төрөлгөн

Кыргызстан
Кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучусу жана коомдук ишмери Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) туулган. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирген. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка тапшырган.
Студент кезинен эле режиссёрдук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссёрдук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган. Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "лөктөрдүн" үнүнүн котормосун Дооронбек Садырбаев окуган. Ал режиссёрдук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган. Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болгон.
Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - "Ситцевый бумеранг"аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган. Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан. 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти") даярдаган.
1992-1993-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган. Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болгон. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон. 2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - мурдагы элчи жана мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева болгон).
Ал эми 2008-жылы 28-майда Дооронбек Садырбаев алтымыш тогуз жашында оорунун айынан каза тапкан.
  (79 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: