19- Ноябрь 1953 -жылы Спорт ишмери Каныбек Осмоналиев туулган
Спорт ишмери Каныбек Осмоналие Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн жана ошол эле жерде окутуучу болуп калган. Студент кезинен оор атлетикага кызыгып, штанга көтөрүп машыга баштаган. 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык катары белгилүү. Совет учурунда ага “СССР спортунун эмгек сиңирген устаты” наамы берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан