19- Ноябрь 1962 -жылы америкалык актриса Жоди Фостер төрөлгөн
Америкалык актриса, "Обвиняемые" (1988) жана "Молчание ягнят" (1991) тасмаларында аялдын ролун эң жакшы аткаргандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгынын эки жолку ээси Жоди Фостер Калифорния штатында Лос-Анжелесте төрөлгөн. 
Жоди жарнамаларга жана телесериалдарга катышып, актёрлук карьерасы үч жашынан башталган. 1970-жылдарда Уолт Диснейдин студиясында бир нече тасмага тартылган. Ал чоң экрандагы алгачкы ролун "Наполеон и Саманта" (1973) фильминде жараткан. 1974-жылы Мартин Скорсезенин "Алиса здесь больше не живёт" тасмасына тартылган. Андан кийинки Скорсезенин "Таксист" тасмасындагы жашы жете элек сойкунун ролу үчүн 14 жашында "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. 1988-жылы "Обвиняемые" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" жана "Глобус" сыйлыктарына ээ болгон. 1992-жылы "Молчание ягнят" тасмасында жараткан образы үчүн "Оскар" алып, 30 жашка чейинки актрисалардын арасында биринчи болуп "Оскар" сыйлыгын эки жолу алган. 
Андан кийин "Мэверик" (1994), "Контакт" (1997), "Анна и король" (1999), Дэвид Финчердин "Комната страха" (2002), "Иллюзия полёта" (2005), "Не пойман — не вор" (2006), "Отважная" (2007), "Остров Ним" (2008) аттуу тасмаларга тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан