19- Ноябрь 1582 -жылы Иван Грозныйдын тун уулу Иван Иванович каза болгон
Иван Иванович 1554-жылы 26-апрелде төрөлгөн. Ал атасы Иван Грозный менен жүрүштөргө чогуу барып, башкарууга жардам берген, бирок саясатта эч кандай роль ойногон эмес. Үч жолу үйлөнгөн. Биринчи эки аялы төрөбөгөндүктөн, Иван Грозныйдын буйругу менен монастырга кеткен. 
Расмий маалыматтарга караганда, Иван Иванович атасы менен уруша кетип, анын колунан жараат алып каза тапкан. Римдин элчиси Антонио Поссевинонун жазууларында "Иван Грозный уулунун бөлмөсүнө киргенде анын кош бойлуу аялы ич кийимчен отурганын көрүп аны сабай баштаган. Ошол маалда Иван Иванович атасын токтотууга аракет кылган, бирок атасынын колундагы таяктан башынан жаракат алган" деп жазылган. Бул маалымат боюнча, Иван Иванович ушул жаракаттан улам каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан