19- Ноябрь 1493 -жылы испаниялык Христофор Колумб Пуэрто-Рико аралын ачкан
1493-жылы Христофор Колумб экинчи экспедициясына чыгып, Кариб деңизиндеги аралга 19-ноябрда токтогон. Аралда өзүлөрүн "таино" деп аташкан индеецтер жашашкан. Алар аралды Борикен деп аташкан, бирок Колумб аралга Сан-Хуан-Баутист деген ат койгон. XVI кылымдан баштап бул арал Пуэрто-Рико деп аталып калган. "Пуэрто-Рико" сөзү "кирешелүү порт" деп которулат. 
Колумбдун бул экспедициясы 1500-2500 адамдан турган. Алардын арасында флотто иштегендерден тышкары кечилдер, поптор, мамлекеттик мекемелерде иштөөчү кызматчылар, дворяндар болгон. Өзүлөрү менен кошо отурукташууга ат, ири мүйүздүү мал, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын ала барышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан