19- Ноябрь 1805 -жылы франциялык дипломат Фердинанд де Лессепс төрөлгөн
Франциялык дипломат, инженер, Жер Ортолук жана Кызыл деңиздерин бириктирип турган Суэц каналынын автору Фердинанд де Лессепс Версалда төрөлгөн. Кесиби боюнча юрист болгон. 
1825-1849-жылдары Европада жана Африкада, ошондой эле Египетте 1831-1837-жылдары ар кандай дипломатиялык орундарды ээлеген. Өздүк байланыштарын колдонуп, Египеттин өкмөт башчысынан 1854-жылы Суэц каналын курууга концессия алган. 1859-1869-жылдары бул каналдын куруусун көзөмөлдөгөн. Суэц каналынын курулуш иштери ийгиликтүү аяктаганы жана анын ачылышы Лессепске атак алып келген.
1889-жылы Лессепс "Панама" акционердик коомуна башчылык кылып, Панама каналын кура турган болгон, бирок бул акционердик коомдун иши оңунан чыкпай калып, көптөгөн акционерлерди жакырданткан. 
1893-жылы официалдык тергөөдөн кийин Лессепс менен уулу 5 жылга эркинен ажыратылган. Бир аздан соң сот бул чечимди жокко чыгарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан