11- Декабрь 1934 -жылы Балетмейстер Уран Сарбагышев төрөлгөн
Балетмейстер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сарбагышев Уран Отунчиевич Бишкек шаарында туулган. 1955-жылы Ленинграддан хореографиялык окуу жайды бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет бийчиси болуп ишке кирет. Тез аранын ичинде Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Тугелов, Эркин Мадемиловага окшогон алдыңкы бийчилердин катарында "Ак куу көлү", "Жизель", "Ромео менен Жульетта", "Корсар", "Бахчысарай фонтаны", "Дон Кихот", "Спартак", "Дон Жуан" балеттеринде башкы каармандардын ролун абдан чебер аткарып, жеке эле Кыргыз өлкөсүндө  эмес, чет элдерге да кеңири таанымал болгон.
1959-жылы Бүбүсара Бейшеналиева жана Уран Сарбагышев "Ленфильм" киностудиясы тарткан "Чолпон" балетинде башкы ролду аткарышкан. Ал фильм-балет 40тан ашык өлкөгө тарап, аны менен кыргыз бийчилери улуттук балет искусствосун дүйнөгө кеңири даңазалашкан. Бийчи катары Уран Сарбагышев көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышкан.
1966-жылдан баштап ал Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп кызмат кылган. Ошондон бери кыргыз балетинин ийгиликтери Уран Сарбагышевдин ысымы менен байланыштуу болгон. Бул жылдардын ичинде ал "Асел", "Прометей", "Спартак", "Куйручук", "Макбет", "Томирис", "Миң бир түн", "Маңкурт жөнүндө баян", "Бастилия", "Корсар", "Дон Кихот", "Вена токоюнун жомоктору" балеттерин сахнага чыгарган. Балетмейстер Уран Сарбагышев койгон Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча жазылган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө коюлган.
Уран Сарбагышевдин Кыргыз маданиятына кылган кызматы жана сиңирген эмгеги өз убагында татыктуу баасын алган. Ал Ардак белгиси орденинин, Эмгек ардагери, Даңк медалдарынын ээси, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын жана Бүткүл союздук балет бийчилеринин жана балетмейстерлердин сынагынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан