27- Ноябрь 1979 -жылы орусиялык телеалпаруучу, ди-джей, актриса Виктория Боня төрөлгөн
Молдаван улутундагы орусиялык телеалпаруучу, ди-джей, актриса Виктория Боня Краснокаменск шаарында төрөлгөн. 16 жашында апасы менен Москва шаарына көчүп келишкен. Алгач Эски Арбатта официант болуп эмгектенет. Кийин экономика багытында билим алууну каалап, ММУга тапшырып, аны менен катар моделдик бизнеске аралаша баштаган. 2001-жылы "Miss Earth" сынагына катышат. Бир аз убакытка Америкада жашагандыктан, англис тилинде эркин сүйлөйт. Ал жакта жашап жүргөндө курбусу менен чакан бизнес ачып, тапкан каражатты жалаң саякатка жумшайт. 2004-жылы "Останкино" жогорку мектебин "телерадиожурналистика" адистиги боюнча аяктап, ошондон улам телевидение тармагына аралаша баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан