1-август, 1949-жылы Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев туулган

Кыргызстан
Кыргызстандын экинчи президенти, 2010-жылы 7-апрелде бийлик менен оппозициянын кандуу кагылышынан кийин өлкөбүздөн куулган Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Масадан (Тейит) айылында туулган. Ал 1966-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Куйбышевдеги Политехникалык институтунун автоматика жана өлчөө техникасы бөлүмүнө кирген.
1970-жылы Куйбышевдеги Масленников атындагы заводдо жумушчу болуп иштеп эмгек жолун баштаган.
1974-1976-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1976-1979-жылдары ошол эле заводдо инженер-электромеханик болуп иштеген.
К.Бакиев 1979-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы “ШР” заводунда инженер жана башкы инженердин орун басары, 1985-жылдан баштап Көк-Жаңгак шаарындагы “Профиль” заводунун директору, 1990-жылы Кыргызстан КП Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы, Эл депутаттарынын шаардык кеңешинин төрагасы, 1991-жылы Жалал-Абад областтык кеңешинин төрагасынын орун басары, 1992-жылы Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын акими болуп эмгектенген.
Ал 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орун басары, Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 1990-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1995-1997-жылдары Жалал-Абад жана Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп кызмат өтөгөн.
2000-2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, 2002-2005-жылдары №15-Ала-Бука шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайланган.
2005-жылы 24-мартта элдик ыңкылап ишке ашып, ошол элдик ыңкылапты жетектеген лидер К.Бакиевди Кыргызстандын эли президенттикке көрсөтүшкөн.
Ал эми 2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72%дан ашык добуш менен К.Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарымдарын аткарууга расмий түрдө киришкен.
2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 85,48% добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланган. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып карапайым эл көтөрүлгөн. 15-апрелде Убактылуу өкмөт менен Бакиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, ошол эле күнү Бакиев Кыргызстандан чыгып кеткен.
  (71 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: