16- Декабрь 2013 -жылы Түштүк Судандагы кагылышуулардан жүздөгөн адам мерт кеткен
Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 16-декабрга караган түнү Түштүк Суданда болгон кагылышууда болжолу менен 400-500 киши каза болуп, 20 миңдей киши шаар сыртына качып чыгып, БУУнун көзөмөлүндөгү аймакта баш калкалоого аргасыз болгон. 
Түштүк Судандын президенти Салва Киирге каршы аскерий төңкөрүш аракети жасалганы тууралуу кабар тарап, бир нече күн жаңжал басылган эмес. Президент Салва Киир мурдагы вице-президент Риек Мачарды жактаган аскерлердин тобу бийликти күч менен алууга аракет кылып, бирок жеңилип калган. Ал баш калаада кеч киргенден таң аткыча коменданттык режимин киргизген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан