5- Январь 1962 -жылы V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыгул Маматов туулган
V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыгул Маматов Ош облусундагы Совет районунун Кара-Кулжа айылында (азрыкы Өзгөн районундагы Алтын-Булак айылында) туулган. 
1980-жылы Куршаб кесипчилик-техникалык окуу жайын, андан кийин 1988-жылы Фрунзе политехникалык институтунун механика жана машина куруу факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1980-1981-жылдары "Ак-Жар" совхозунда механизатор-тракторист болуп иштөө менен баштаган. 1981-1983-жылдары аскер кызматын өтөгөн. 1988-1993-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу мекемесинде инженер жана гараж башчысы болуп иштеген. 1993-1995-жылдары "Кыргызагропромимпекс" АКсында менеджер болуп туруп, «Болот» өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын түзгөн.
Ал эми 2001-жылдан тарта "Азиятабаксервис" корпорациясынын башкы директору болуп иштеп келген. 
2010-жылдын октябрь айында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан