19- Январь 1944 -жылы Жер которгондорду жайгаштыруу, кабыл алуу пункттарын ачуу максатында Кыргызстан КП (б) БК менен Эл комиссарлар кеңеши биргелешкен токтом кабыл алган
Жер которгондорду жайгаштыруу, кабыл алуу пункттарын ачуу максатында Кыргызстан КП (б) БК менен Эл комиссарлар кеңеши биргелешкен токтом кабыл алган. Токтомдо 9 миң чамалуу жер которгондорго ылайыктап кабыл алуу пункттарын ачуу, аларды жайгаштыруу маселелери аныкталган.
Себеби Улуу Ата мекендик согуш маалында Кыргызстанга сырттан көчүрүлүп келген этникалык калктардын саны арткан. Сталиндик саясаттын айынан эл-жеринен безген калктар көбөйгөн. Улуу Ата мекендик согуш кайнап жаткан маалда Кыргыз жерине 1943-жылдын соңунда чечен, карачай калктары көчүрүлүп, 1944-жылдын октябрь айында алардын саны 120 858 адамга жеткен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан