24- Январь 1712 -жылы
Пруссиянын падышасы Фридрих II туулган
Германия өлкөсүнүн пайда болушуна негиз салган, сот реформасын алгылыктуу жүргүзгөн, Пруссиянын падышасы Фридрих II Берлинде туулган.
Фридрих II атасы Пруссиянын падышасы Фридрих Вильгельм I каза болгондон кийин 1740-жылы тактыга келген. Ал өлкөнү башкарып турганда сот реформасын ийгиликтүү жүргүзгөндон сырткары көп көзгө көрүнө турган иштерди жасаган. Анда иштеринин эң алгачкысы, өлкөдөгү цензураны жокко чыгарган.