8- Январь 2014 -жылы
Тоо иштери жана тоо технологиялары институтунун ректору болуп Акылбек Маралбаев дайындалган
Тоо иштери жана тоо технологиялары институтунун ректору болуп Акылбек Маралбаев дайындалган. Ректорлук кызматка сынак 2013-жылдын 26-декабрында өткөрүлгөн.
Акылбек Маралбаев 2004-жылдан 2008-жылга чейин академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо иштери жана технологиялар институтунун геологиялык чалгындоо факультетинин деканы, 2008-жылдан 2010-жылга чейин аталган институттун жетекчисинин окуу иштери боюнча орун басары, 2010-жылдан баштап 2013-жылга чейин ушул эле институттун чалгындоо факультетинин деканы, 2013-жылы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалап келген.