16- Январь 2014 -жылы
Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин президенти Хосе Сулайман дүйнө салган
Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) президенти Хосе Сулайман Лос-Анжелестеги бейтапканалардын биринде 83 жаш курагында көз жумган.
Маркумдун уулу Сулайман Маурисионун айтымында Хосе Сулайман көпкө созулган жүрөк оорусунун жыйынтыгында каза болгон.
“Бокстун атасы” деген атка конгон Сулайман 1931-жылы Мексикада төрөлгөн. 16 жашында профессионалдык бокс чөйрөсүнө аралашкан “бокстун атасы” 1975-жылы аталган кеңештин президенти болуп шайланып, өмүрүнүн аягына чейин ушул кызматты аркалап келген. Анын ысымы 2007-жылы бокстун “Эл аралык атак даңк сарайына” киргизилген.