27- Январь 2014 -жылыАбдыназар Купуев Казакстандын президентинин байгесине арналган Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган
Кыргыз спортчу Абдыназар Купуев 74 килограмм салмакта уруш түрүндөгү самбо боюнча Казакстандын президентинин байгесине арналган Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган.
Абдыназар Купуев жеңишке карай Заур Азизов (Орусия), Истам Кудратов (Өзбекстан) жана Темирлан Ишангалиев (Казакстан) сыяктуу спортчуларды жеңген.
Ал эми мелдешке жалпысынан 17 өлкөдөн 300 спортчу катышкан.