11-февраль, 1975-жылы “Темир айым” Маргарет Тэтчер Улуу Британиянын консервативдик партиясынын төрагасы болуп тандалган

Дүйнө
“Темир айым” лакап атынын ээси Маргарет Тэтчер Улуу Британиянын консервативдик партиясынын төрагасы болуп тандалган. Маргарет Хильда Тэтчер Улуу Британиянын 71-премьер-министри жана Европалык мамлекеттер арасында премьер-министрликке келген алгачкы айым болгон. Анын башкаруусу XX кылымдагы эң узак башкаруу болгон. Совет жетекчилигин катуу сынга алгандыгы үчүн “Темир айым” лакап атына ээ болуу менен, “тетчеризм” деп аталган саясаттын бөлүгүнө бир катар консервативдик чараларды киргизген. Тэтчер өмүрүнүн акыркы жылдарында катуу ооруп, 2012-жылы табарсыгында пайда болгон шишикти алдыруу үчүн операция болгон. Ал 2013-жылдын 8-апрелинде 87 жаш курагында инсульттан улам жарык дүйнө менен коштошкон.   (44 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9054;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: