11-февраль, 1776-жылы Греция менен Орусиянын мамлекеттик ишмери Иоанн Каподистрия туулган

Дүйнө
Көз карандысыз Грециянын биринчи президенти, Орусиянын 1816-1822-жылдардагы тышкы иштер министри Иоанн Каподистрия туулган. И.Каподистрия жогорку окуу жайында философия жана медицина курсун бүтүрүп, андан соң мекенине элчилик кызматын өтөп баштаган. 1802-жылы Ион аралдарынын көпчүлүк бөлүгүн кыдырып, орус гарнизонун куруу менен жарандык башкарууну түзүү тапшырмасы берилген. Ал 1803-жылы Ион аралдарынын республикасынын тышкы иштери боюнча статс-катчысы болуп дайындалган. Ошентип Иоанндын саясий карьерасы улам өсүп отуруп, ал Грециянын президенти болгонго жетишкен. Каподистриянын душмандарынын арасында Петробей аттуу анын саясаттагы өчөшкөнү 1831-жылы 9-октябрда уулу жана агасы менен Иоаннга кол салып, аны өлтүрүшкөн.   (243 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9054;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: