11-февраль, 1975-жылы Саясий ишмер, Мадагаскардын президенти Ришар Рацимандрава өлтүрүлгөн

Дүйнө
Аскердик жана саясий ишмер, Мадагаскардын президенти Ришар Рацимандрава өлтүрүлгөн. Р.Рацимандрава 1931-жылы 21-мартта Франция колониясындагы Мадагаскардын Тананариве шаарындагы Мангаривотра районунда туулган. Президенттикке келгенине 7 күн толук өтө электе полковник Ришар 11-февраль күнү кечинде Аноси районундагы министрлер кабинети үчүн жыйын өткөргөн. Жыйындан чыгып, кызматтык унаасы менен өзү жашаган резиденцияга бара жатканында анын унаасы жана коштоп келе жаткандардын унааларына карай ок атылган. Тийген октон улам Рацимандрава кырсык болгон жерде жарык дүйнө менен коштошкон. Анын өлүмүнө байланыштуу 1975-жылдын 21-мартынан 12-июнуна чейин созулган соттук процесстердин жыйынтыгында, кылмышка шектелип жаткан, полициянын мобилдик тобунун мүчөлөрү менен катар өлкөнүн мурдагы президенти Филибер Циранана дагы акталып чыккан.     (44 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9054;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: