реклама

15-март, 1854-жылы Немец бактериологу Эмиль Адольф фон Беринг туулган

Дүйнө
Немец бактериологу Эмиль Адольф фон Беринг Пруссияда төрөлгөн. 1880-жылы Берлин университетин бүтүрүп, аскер хирургу болуп иштеген. 1889-жылы Берлиндеги Жугуштуу оорулар институтунда белгилүү немец бактериологу Р.Кохтун лабораториясында иштеген. 1894-жылы Галле университетинин профессору, 1895-жылы Марбургдагы Эксперименталдык терапия институтунун директору жана профессору болгон.
Берингдин негизги иштери жаныбарлардын жана адамдардын жугуштуу ооруларга каршы иммунитетинин күрөшүү ыкмаларына арналган.
Эмиль Адольф фон Беринг 1901-жылы биринчилерден болуп физиология жана медицинада сары суунун (сыворотка) коргоочу касиетин ачкандыгы үчүн Нобель сыйлыгына арзыган.
Беринг 1917-жылы 31-мартта 63 жашында Марбургда каза болгон.
  (165 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9058;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: