11-февраль, 1961-жылы куудул Дөөлөт Мадымаев туулган

Кыргызстан
Куудул Дөөлөт Мадымаев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булаш кыштагында туулган. Апасынан 16 жашында ажырап, үйдүн улуусу болгондуктан, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөргөн. Мектепте тентек, шок, тамашакөй окуучу болгон. Кесиптик орто окууну бүтүрүп, тракторист-механик күбөлүгүн алган. 
Куудул Манас Бердибеков Кара-Сууда жүрүп эл арасынан Дөөлөт Мадымаевдин талантын байкап, чоң сахнага алып келген. 1987-жылы “Чал-кемпирдин чатагы” деген номери менен Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу сахнага чыккан.
Дөөлөт Мадымаев 2011-жылы 8-октябрда оорудан улам көз жумган.
  (58 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9054;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: