27- Февраль 1987 -жылы ырчы Айпери Кулбаева туулган 
Ырчы Айпери Кулбаева Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районун Жерге-Тал айылында туулган. ОшМУнун искусство факультетин аяктаган. 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси болгон. 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган "Ырга айланган өмур" аттуу эл аралык фестивалда "Махабат жөнүндө баллада" аттуу ыр менен Гран-прини жеңип алган. 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2014-жылы Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон. "Элегия" жана Кутман Султанов менен "Тамашалуу ыр" аттуу ырлары аркылуу эл оозуна алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан