25- Февраль 2007 -жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруунун 79-аземи Лос-Анжелесте болуп өткөн
4 саатка созулган "Оскар" сыйлыгын тапшыруунун 79-аземи Лос-Анжелесте болуп өткөн. Анда 24 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар өз ээлерин табышкан. 
2006-жылдын "Эң мыкты фильм" наамына "Жоголгондор" тасмасы татыган. Фильмди койгон режиссёр Мартин Скорсезенин фильмдери буга чейин беш жолу номинацияга көрсөтүлүп, бирок, жеңишке жеткен эмес. Мындан тышкары, "Жоголгондор" фильми мыкты режиссура, мыкты сценарий, мыкты монтаж номинацияларын да жеңип алган.
"Эң мыкты актриса" наамын алууга Пенелопа Круз, Мэрил Стрип, Жуди Денч, Хелен Миррен жана Кейт Уинслет сыяктуу эң сулуу киноактриса айымдар чыгышкан. Сыйлык "Ханыша" тасмасында аткарган ролу үчүн 61 жаштагы Хелен Мирренге ыйгарылган.
"Эң мыкты актёр" болуп "Шотландиянын акыркы ханы" аттуу фильмде аткарган Форрест Уитакер табылган. Бул номинацияга Питер О`Тул, Леонардо ДиКаприо, Райан Гослинг жана Уилл Смит сыяктуу атактуу актёрлор да көрсөтүлгөн.
"Экинчи пландагы мыкты актёр" наамы үчүн "Оскар" Алан Аркинге берилген. Ал "Кичинекей нур айым" фильминде аткарган. Ал эми Женнифер Хадсон "Кыялдагы кыздар" тасмасында аткарган ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актриса" болуп жарыяланган.
Мындан сырткары, "Эң мыкты саундтрек", "Эң мыкты толук метраждуу документалдык фильм", "Эң мыкты визуалдык эффект", "Эң мыкты аудио эффекттер", "Эң мыкты кийим" ж.б. номинациялар боюнча наамдар берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан