Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Саясатчы, обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусов Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.
1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент болгон. Ал эми 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик уинверситетинин биринчи проректору болгон.
2007-жылы “Ак Жол элдик партиясы” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ал эми 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
2010-жылы болсо “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген.
Ал эми 2011-жылдын 24-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри болуп дайындалган. 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулуп, 2014-жылдын 17-сентябрында Кыргыздын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.