8- Март 1925 -жылы
Кыргыз Автономиялык облусунун дыйкан-батрак аялдардын I облустук курултайы ишин аяктаган
Кыргыз Автономиялык облусунун дыйкан-батрак аялдардын I облустук курултайы ишин аяктаган. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн. Күн тартибине аялдар арасында жүргүзүлчү иш-аракет жана андагы партиянын орду талкууланып, кыз-келиндерди пионер менен комсомолдун катарына тартуу, Совет жана "Кошчу" бирикмелерине активдүү катыштыруу маселеси козголгон.
Мындан сырткары эл аралык маселелер тегерегинде пикир алмашылып, айыл-кыштакта жана аялдар арасында саясий үгүттөө ишин активдештирүү, эскинин калдыктарын жоюу, сабатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүү маселеси негизги талаптар катары көрсөтүлгөн.