реклама

14-март, 1976-жылы V жана VI чакырылыштардагы ЖКнын депутаты Талант Мамытов туулган

Кыргызстан
V жана VI чакырылыштардагы ЖКнын депутаты Талант Мамытов Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5-орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган.1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.
Өзүнүн эмгек жолун 2000-жылы Баткен областында прокурор сапатында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткаруу үчүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган. 
2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын ноябрына чейин Жалал-Абад областынын прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болуп дайындалган.
2002-жылдын сентябрынан 2004-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү болуп иштеген. 
2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын августуна чейин Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. 
2005-жылдын августунан 2006-жылдын апрелине чейин КР башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалган.
2006-жылдын апрелинен 2006-жылын декабрына чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган.
2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. 
2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын январына чейин Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалган. 
2010-жылдын январында прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошотулган.
2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
Ал эми 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаровду, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Ал эми 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
  (42 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: