реклама

15-март, 1975-жылы “Black eyed peas” тобунун ырчысы Уильям Адамс туулган

Дүйнө
“Black eyed peas” тобунун ырчысы Уильям Адамс АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. 3 бир туугандын эң ки­чүү­сү. Кичинекей кезинен баштап белгилүү бий түрү “брейк-данс” менен алектенген. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде келечектеги коллегасы Аллен менен таанышып калат. Анан мектепти таштап, музыка жана бий дүйнө­сүнө баш оту менен кирип кетет.
Кийинчерээк Уилльям бийден да ыр жазганга көбүрөөк маани бере баштайт. Ал 2003-жылы “Where is the love” ("Сүйүү кайда?") деген ырын жазат. Бул ыр ошол эле жылы популярдуу болуп чыга келет. Мунун себебин Уилл башка ырчылар сыяктуу батыш дүйнөсүн мактап, рекламалабастан, тескерисинче, олуттуу маселелерди ачык айтканы менен байланыштырат. Ырда батыш өлкөлөрүнө таандык сүйүүсүз жашоо, баңгилик, жеңил ойлуулук сыяктуу маселелер козголгон.
2004-жылы Уилл “Мен кийиммин” ("I am clothes") деген кийим стилин ойлоп табат. Уиллдин лакап аты – Will.i.am башкача айтканда, “эмнени кааласам ошону аткарам” дегенди түшүндүрөт.
  (44 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9061;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: