«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


14-март, 2005-жылы Япониялык оригами мастери Акира Ёсидзава каза болгон

Дүйнө
Япониялык оригами мастери, оригаминин искусство болуп таралышына жол ачкан Акира Ёсидзава 1911-жылы 14-мартта Япониянын Каминокава кыштагында туулуп, 2005-жылы 14-мартта өзүнүн туулган күнүндө 94 жашка толуп Токиодогу ооруканалардын биринде пневмония оорусунан улам каза болгон.
Акира Ёсидзава 13 жашында окуусун таштап, кечки мектепке кирип иштей баштаган. 22 жашында машина куруучу заводго жумушка орношуп, ал жактан жаңы жумушка келгендерге сызма геометриядан сабак берген. Сабак учурунда жакшы түшүндүрүү үчүн оригамилерди колдонгон. Анын бул чеберчилиги заводдун жетекчилигин таң калтырган.
Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Акира Ёсидзава Гонконгдо санитардык корпуста иштеп, ал учурда да өзүнүн кызыгуусун таштабастан оорулулардын керебеттерин ар кандай кагаздан жасалган фигуралар менен кооздоп көңүлдөрүн көтөргөн. Согуштан кийин Акира Ёсидзаванын жашоосундагы оор мезгил келип, жубайы каза болуп калгандан кийин бир нече жыл кыйналып жашаган. 1951-жылы Акира Ёсидзавага "Асахи Граф" журналынан сунуш түшүп, кытай календарындагы жаныбарларды кагаздан жасап бергенге макул болгон. 1952-жылы январь айында чыккан "Асахи Граф" журналынын саны көпчүлүк тарабынан аябай жакшы кабыл алынып, Акира Ёсидзава Японияда гана эмес чет өлкөлөрдө да белгилүү боло баштаган. 1954-жылы Японияда анын "Новое искусство оригами" аталышындагы алгачкы китеби жарык көрүп, ошол эле жылы Токиодо Эл аралык Оригами борборун ачкан. Акира Ёсидзава оригаминин алиппесин иштеп чыгып, анын 50 000ден ашуун моделдерин ойлоп тапкан. Кийин оригами боюнча 18 китеп жазган. Ал эми 1983-жылы Япониянын императору Хирохито Акира Ёсидзаваны өлкөдөгү эң жогорку даражадагы "Чыгып келаткан күн ордени" менен сыйлаган.
  (13 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9025;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: