22- Март 1937 -жылы Кыргыз ССР ВКП (б)нын кезектеги VIII пленуму ишин баштаган
Кыргыз ССР ВКП (б)нын кезектеги VIII пленуму ишин баштаган. Пленумда уюштуруу маселеси каралып, Борбордук Комитеттин сунушу менен биринчи секретарлыкка М.К.Аммосов дайындалган. М.К.Аммосов ВКП (б) Борбордук Комитетинин көрсөтмөсүнө ылайык Кыргызстанга келген. Буга чейин ал Караганда обкомунун биринчи секретарлык кызматында, 1936-жылдан тарта Түндүк-Казакстан областын жетектеп келген. Мурдагы биринчи секретарь М.Л.Белоцкий, Аммосов республикага келгенге чейин эле эл душманы деген күнөө менен кызматынан четтетилип, кийин ал Москвага чакырылып, ал жерден камакка алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан