11- Апрель 2013 -жылы Жогорку Кеңеште мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун дарыгерлер “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин саналуу гана күндөрү калганын айтканын билдирген
Жогорку Кеңеште мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун дарыгерлер “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин саналуу гана күндөрү калганын айтканын билдирген. Бул күнү А.Батукаевди абактан бошотуп, өлкөдөн чыгарып жиберүүгө катыштыгы бар адамдар депутаттардын суроосуна жооп беришкен. “Оорулуунун кайсы убакта өлөрүн бир гана Кудай билет. Биз 3 жылдан бери мониторинг жүргүзүп келе жатабыз. Комиссия текшерип жаткан маалда дарыгерлер бейрасмий түрдө саналуу гана өмүрү калды деп билдирген. Эгерде Азиз Батукаев гана эмес, башка оорулуулардын да саналуу гана күндөрү калса, аларды түрмөдөн чыгарып коюу керек”, - деген акыйкатчы. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан