реклама

16-апрель, 1947-жылы 1947-жылы 16-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков туулган

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков 1947-жылы 16-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Эмгек жолун 1967-жылы Ат-Башы районундагы Ленин атындагы колхоздо слесарь-токарь катары баштаган. Андан кийин 1971-жылга чейин Ат-Башы районундагы “Кыргызайылчарбатехника” ишканасында токарь болуп иштеген. 1977-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин Ат-Башы “Кыргызайылчарбатехника” башкармалыгында башкы инженер болуп иштеген. Ал эми 1988-жылы техникалык жабдуу боюнча директордун орун басарлыгына дайындалган. 1991-1996-жылдары “Агроатайынмонтажжасалга” Нарын облустук ишканасынын начальниги, 1996-2005-жылдары “Мурас-спорт” ЖЧКсынын башкы директору болгон. 1998-2005-жылдары айкалыштыруу менен “Дордой” ассоциациясынын профсоюздар ассоциациясынын президенти, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. 2007-2010-жылдары “Дордой” ассоциациясынын профсоюздарынын республикалык тармактык бирикмесинин төрагасы, 2010-жылдын октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.    (71 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: