«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


16-апрель, 1945-жылы Улуу Ата мекендик согуштун жыйынтыктоочу кармашы эсептелген Берлин операциясы башталган

Дүйнө
Берлин операциясы - Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушунун (1941-1945) убагындагы 2-Белорус, 1-Белорус, 1-Украина фронтторунун 16-апрелден 8-майга чейинки чабуул коюу операциясы. Советтик аскерлер 1945-жылдын январь-март айларында Чыгыш Пруссия, Польша жана Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн талкалап, кеңири фронт менен Одер жана Нейсе дарыяларына чыгышып, Германия жерине кирип барышкан. Берлинди коргоо үчүн Одер жана Нейсе дарыяларынын батыш жээктеринде аралыгы 20-40 км ге жеткен З катар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, баррикадалар курулган. Берлинге чабуул коюу үчүн советтик командование 2, 5 млн. адам, 41600 замбирек менен миномёт, 6250 танка жана өзү жүрүүчү замбирек, 7500 учак топтогон. Берлин операциясы 16-апрелде башталып, советтик аскерлердин соккуларына гитлерчилер канчалык жанталашып каршылык көрсөтүшсө да, туруштук бере алышкан эмес.  (73 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9024;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: