«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


16-апрель, 2011-жылы “Бета Сторес-3” соода борборунун технологу Гюнеш Йылмаз сатуучу Чолпон Орузбаеваны тепкилеп, зордуктоого аракет кылган

Кыргызстан
“Бета Сторес-3” соода борборунун наабайканасында иштеген түрк жараны Гюнеш Йылмаз сатуучу болуп иштеген Чолпон Орузбаеваны эскирип кеткен баклаваны сатасың деп сабап, ал тургай зордуктоого аракет кылган. Натыйжада Чолпондун ичегиси айрылып, операция жасалган. Окуя болгон күнү Чолпон Орузбаева №7-шаардык милиция бөлүмүнө арызын жазган. Кол салган Гюнеш Йылмаз кармалып, Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы тарбынан анын үстүнөн кылмыш иши козголгон, бирок ал темир тор артында аз гана убакыт отурган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарганы менен, бирок Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Мындайды колдон чыгарбаган Гюнеш Йылмаз изин суутуп кеткен. Сот адилетсиздигинин айынан бул окуяга кыргыз коомдук жаштар уюмдарынын активисттери киришип, бир нече митингдерди өткөрүшүп, Өкмөт үйүндө да талкууланган. Соттор кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьялары Л.Нарымбаева, Ж.Калыбекова жана М.Бейшенованы мөөнөтүнөн эрте кызматынан бошотуу жөнүндө чечимин кабыл алган. Гюнеш Йылмаз кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен кармалып, биздин өлкөгө өткөрүлүп берилген.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 25-январындагы өкүмү боюнча Гюнеш Йылмаз Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси боюнча (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган жаза белгиленип, жазаны күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөөсү дайындалган. Соттолгон Гюнеш Йылмаздан жабырланган Чолпон Орузбаеванын пайдасына келтирилген моралдык зыян үчүн 150 000 сом өндүрүлгөн.
  (7 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9014;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: