реклама

16-апрель, 1991-жылы Кикбоксчу Авазбек Аманбеков туулган

Кыргызстан
Кикбоксчу Авазбек Аманбеков Ош шаарында туулган. 3-класста окуп жүргөндө таэквондо менен машыгып баштап, ал спорт боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, кара курдун ээси болгон. Кийинчерээк кикбокско кызыгуусу артып, 10-класста окуп калганда кикбокско өтүп кеткен. Алгач эле машыктыруучу Маралбек Давлеткуловдун колуна барган. Кикбокс менен машыгып баштагандан 3-4 ай өткөн соң Кыргызстандын чемпиондугуна катышып, 1-орунду ээлеген. Ошондон тартып спортчу көптөгөн ийгиликтерге жетип, 2008, 2009, 2010, 2012-жылдары кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону деп табылса, 2011-жылы Москвада өткөн кикбокс боюнча Дүйнө кубогунда 2-орун алып, 2013-жылы ушу-санда боюнча жана кармашып күрөшүү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, 2013-жылы Анталияда өткөн кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон.  (27 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8956;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: