24- Апрель 2005 -жылы Израилдик саясатчы Эзер Вейцман каза болгон
Израилдин аскер ишмери жана 1993-2000-жылдардагы президенти Эзер Вейцман каза болгон. 
Ал 1924-жылы 15-июнда Палестинада төрөлгөн Эзер Вейцман британ армиясында кызмат өтөгөн. Ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуштун, Көз карандысыздык үчүн күрөштүн катышуучусу, учкуч болгон. Ал 1969-жылы саясатка аралашып, “Херут” оңчулдар партиясынын төрагасы болгон. 1977-1980-жылдары коргоо министри болуп, акырындык менен “солчулдардын” позициясына өтө баштаган. 1993-жылы биринчи ирет өлкөнүн президенттигине келген Эзер Вейцман 1998-жылы 2-мөөнөткө калып, кайрадан президенттик тактыны ээлеген. Коррупция иштери үчүн айыпталып, 2000-жылы отставкага кеткен Эзер Вейцман Израиль парламенттик башкаруудагы өлкө экенине карабай мамлекеттин саясатына күчтүү таасир жүргүзө алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан