9- Декабрь 1983 -жылы төкмө акын Аалы Туткучев туулган
Төкмө акын Аалы Туткучев Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында туулган. 2005-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
2002-жылы кыргыз маданиятынын бир бөлүгү болгон акындардын төкмөчүлүк өнөрүн жандандыруу максатында түзүлгөн “Айтыш” коомдук фондунда кыргыз элинин чыгаан төкмө акындары Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун төкмө акындык өнөрүн улап келүүдө. Кыргыз өлкөсүндө өткөн көптөгөн кыргыз акындар айтышында жеңишке жеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан