18-октябрь, 1931-жылы Америкалык ойлоп табуучу Томас Алва Эдисон каза болгон

Дүйнө
Үн жазуучу – фонограф, телефон жана электр лампаны ойлоп тапкан америкалык Томас Алва Эдисон 84 жашында АКШнын Нью-Жерси штатында каза болгон.
Томас Эдисон 1847-жылы 11-февралда АКШнын Огайо штатында туулган. Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан.
Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган. Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген. Электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан.
Эдисондун сунушу менен телефон сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген.
  (89 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: