реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

17-февраль, 1981-жылы Америкалык актриса жана фотомодель Пэрис Хилтон төрөлгөн

Дүйнө
Америкалык актриса, дизайнер, ырчы жана фотомодель Пэрис Хилтон Нью-Йоркто төрөлгөн. Пэрис Хилтон - үй-бүлөсүнүн бизнесинин - Hilton Hotels мейманканалар тармагынын мурунку мураскору. Аны "Жөнөкөй жашоо" атту реалити-шоу белгилүү кылган. 
2000-жылы Пэрис Хилтон Дональд Трамптын T Management моделдик агентствосу менен келишим түзүп, профессионалдуу модель болгон. Кийинчерээк Нью-Йоркто Ford Models Management , Лондондо Models 1 Agency, Лос-Анжелесте Nous Model Management  жана Лондондо Premier Model Management агентстволорунда иштеген. Хилтон белгилүү Iceberg, GUESS, Tommy Hilfiger, Christian Dior жана Marciano бренддеринин жарнамаларына чыгып, журналдар үчүн тартыла баштаган. 
Хилтон 2005-жылы "Дом восковых фигур" тасмасында экинчи катардагы ролу үчүн Teen Choice Awards сыйлыгын алган. 
2006-жылы Хилтон "Стильные штучки" жана "Блондинка в шоколаде" аттуу тасмаларында башкы ролдорду жараткан. 2008-жылы "Красавица и уродина" жана "Рипо! Генетическая опера" аттуу тасмаларындагы ролдору үчүн  Пэрис "Золотая малина" сыйлыгын алган.
2006-жылы 22-августта алгачкы "Paris" жеке альбому чыккан. 
 (37 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8917;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: