9- Май 1961 -жылы Исхак Раззаков Кыргызстан КП БКнын биринчи катчылык кызматынан бошотулган
Исхак Раззаковдун жетекчиликтеги ишмердүүлүгү жогору бааланып, 1950-жылы Кыргызстан КП БКнын биринчи катчылыгына көтөрүлүп, республиканын партиялык уюмун жетектей баштаган.
Исхак Раззаковдун убагында 1953-жылы союздагы эң оор тоолуу аймактагы Фрунзе-Ош авто жолу курула баштаган. Республикада оор өнөр жайы гана эмес, айыл чарбасында да ири жетишкендиктер болгон. Буга мисал 1956-жылы айыл чарбасындагы ири жетишкендиктер үчүн Кыргыз ССРи биринчи жолу Ленин ордени менен сыйланган.
Исхак Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Мектептердин саны өскөн, орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула баштаган.
Жетекчинин демилгеси менен 1957-жылдан баштап республикадагы 80 миңге жакын окуучуларга бекер ысык тамак берүү уюштурулган.
Ошондой эле Исхак Раззаков жетекчиликте турганда "Кадр бардыгын чечет" деген ураан алдында өз кесибин мыкты билген билимдүү кадрларды даярдоого чоң көңүл бөлүнүп, натыйжада 1960-жылы республикада 8 жогорку окуу жайы жана 27 техникум, аларда окуган студенттердин саны 40 миңге чейин жеткен. Раззаковдун түздөн түз катышы менен 1954-жылы Илимдер Академиясы ачылып, кыргыздын жаш окумуштууларынын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн. Кыргыз тарыхына да көңүл бөлүнүп, 1956-жылы ири окумуштуулар катышкан кыргыз элинин этногенези жөнүндө илимий конференция болгон. Маданият тармагы да болуп көрбөгөндөй өсүш жолунда болгон. Анын айкын мисалы, 1958-жылы октябрь айында Москва шаарында кыргыз маданий ишмерлеринин декадасы болуп, Совет эли кыргыз элинин ири маданияты менен таанышкан. 
Бирок Исхак Раззаковдун эли үчүн өзгөчөлөнгөн ишмердүүлүгү, элине болгон камкордугу Москвадагы жетекчилерге жаккан эмес. Ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактыларга таянып, 1961-жылы 9-майда Исхак Раззаковду кызматтынан бошотушкан.
1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-1967-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргыз жерине бир ирет, аз гана убакытка келип кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргыз жерине алып келинип, бардык жөрөлгөсү менен коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан