13-июль, 1958-жылы жазуучу, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев төрөлгөн

Кыргызстан
Жазуучу, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1984-2002-жылдарга чейин республикалык басма сөздөрдө иштеген, "Асаба" газетасынын башкы редакторунун орун басары, "Кыргыз руху" газетасынын башкы редактору, "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы болгон.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри болуп иштеген. 2010-жылдын июнь айынан баштап чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2012-жылдын мартынан тартып Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси, ал эми 2012-жылдын 7-мартынан 2014-жылдын 4-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болгон.
Султан Раев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КМШ Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
  (61 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9075;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: