реклама

12-июнь, 2013-жылы Ооганстандагы террорчулардын туткунунан бошотулган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков мекенине келген

Кыргызстан
Ооганстандагы террорчулардын туткунунан бошотулган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков мекенине келген. Президенттин атайын тапшырмасы менен ведомстволор аралык түзүлгөн жумушчу тобу 28-майда Конушбековду бошотуу үчүн "Талибан" кыймылынын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн биринде жолуккан. Талибдер эч кандай акча талап кылбай, Конушбековду бошотууга макул болушкан. Учкучту талибдер мусулман болгондугу үчүн азат кылышкан. Туткундагы 7 түрк жараны да буга чейин коё берилып, алардын колунда орус улутундагы жана ооган учкучтары калган.
47 жаштагы учкуч Нургазы Конушбеков менен кошо 9 чет өлкөлүк жаран 22-апрелде Ми-8 тик учагын Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушканда талибдер барымтага алышкан.
  (6 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9072;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: