реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

14-сентябрь, 1964-жылы саясий ишмер Акылбек Жапаров туулган

Кыргызстан
Саясий ишмер Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.
Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун автомобиль жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген. Кийин КРнын Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы, Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, КРнын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы болгон. Ал эми 2000-жылдан 2005-жылга чейин КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, 2005-жылдан 2007-жылга чейин КРнын Экономика жана финансы министри болгон.
Ошондой эле 2007-жылдын 7-февралынан декабрь айына чейин – КРнын Финансы министри,
2007-жылдын 27-декабрында КРнын Соода жана экономикалык өнүгүү министри болуп дайындалып, 2009-жылы 20-октябрда отставкага кеткен.
Ал эми 2009-жылдын 22-октябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин КРнын 1-Вице-премьер-министри болгон.
2010-жылдын 10-ноябрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан ЖКнын депутаты, 2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 4-сентябрына чейин КРнын Каржы министри болуп иштеген.
 (53 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8910;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,042298078536987