4- Июнь 1985 -жылы Ырчы Акмаанай Эшбаева туулган
Ырчы Эшбаева Акмаанай Токтомаматовна Ош облусунун Кара-Суу райондагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин "Бизнес жана Менеджмент" факультетин "Ишкананы башкаруу" адистиги боюнча, Оштогу Ныязаалы Борошев атындагы Ош Мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жана Кыргыз Улуттук Консерваториясынын "жеке ырдоо" бөлүмдөрүн аяктаган. 7 жашында Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ыры менен Ош улуттук драма театрында алгачкы жолу чоң сахнага чыккан. Белгилүү обончу жана аткаруучу Токон Эшпаевдин кызы. Токон Эшпаевдин "Өзгөчөм" аттуу ыры менен эл оозун алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан