21- Июль 1950 -жылы Ырчы, обончу Токон Эшбаев туулган 
Ырчы, обончу Токон Эшбаев Ош облусунун Кара-Суу райондагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Студент кезинде "Ай, эжеке" деген ыры менен таанылган. 1992-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, 2011-жылы КРнын Эл артисти деген наамга татыган. Токон Эшпаевдин "Жаштык", "Кызыл желек", "Атама", "Актилек", "Чаткалым", "Ак көйнөкчөн аппак кыз" өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.
Токон Эшбаев 2014-жылы 2-августта узакка созулган оорудан улам 64 жашында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан