20- Октябрь 1517 -жылы
Португалиялык дворянин Фернан Магеллан Севильяга келген
Португалиялык дворянин Фернан Магеллан Севильяга келген. Ал 1512-1514-жылдары Түндүк Африкада марокколуктарга каршы согушуп, бутунан жаракат алып, Португалияга кайтып келип, падышадан кызмат сураган. Падыша анын өтүнүчүн канааттандырбастан, Мароккого кайта кетишин талап кылган. Магеллан 1516-жылдын башталышында падышага дагы бир ирээт кайрылып, мамлекет башчысынан жок деген жооп алгандан кийин Испанияга сапар тарткан.