реклама

24-октябрь, 2005-жылы Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразылык акция ЖКнын имаратынын кашында улантылган

 
Кыргызстан
Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразычылык акция таң эртеден тарта Жогорку Кеңеш имаратынын кашында улантылган. Имарат маңдайына тогуз боз үй, эки көчмө кафе, эки аскер чатыры тигилип, акцияга чыккан адамдарга ысык тамак, чай берилип турган. Ошол кездеги Жогорку Кеңешти депутаты, парламенттин мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитетинин төрөгасы Тынычбек Акматбаев Бишкектин жака белиндеги Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына барган учурда түрмөдөгүлөрдүн кол салуусуна кабылып каза тапкан. Аны менен кошо дагы үч киши өлтүрүлгөн. Тынычбек Акматбаев баштаган топ абактагы кырдаал менен таанышуу максатында барган. Бул топ андан ары түрмөлөрдүн абалын көрүү максатында Молдовановка айлында жайгашкан №31-түзөтүү колониясына сапар улайт. Абакта жаткандар менен сүйлөшүү учурунда белгисиз себептерден эки ортодо чыр чыгып, ок атышуу болуп кетет. Түрмөдөгү башаламандыкка камакта жаткан 200гө жакын адам катышкан. Натыйжада андан депутат Тынычбек Акматбаев жана анын жанындагы үч киши каза тапкан.
Тынычбек Акматбев 31-колонияга барар алдында түрмөнүн кызматкерлери аны ал жерге келбөөсүн суранышкан. Себеби, ошол учурда анын бир тууган агасы - кримавторитет Рысбек Акматбаев менен начар мамиледе болгон мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев аталган абакта жазасын өтөп жаткан. Бирок Тынычбек Акматбаев түрмө кызматкерлеринин келбе деген эскертүүсүнө карабай 19-августта, эртең менен колонияга текшерүү үчүн жөнөгөн.
  (13 жыл мурун)
 
Комментарийлер(1)
24.10.2017. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
19-09-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия, Томск
0
ЖКнын имаратынын кашында улантылган, кандай тушунсо болот? Кашында деген созду?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: