21- Ноябрь 2013 -жылы Киевдеги көпкө созулган массалык нааразычылык акциясы — Евромайдан башталган

Украинанын Киев шаарында көпкө созулган массалык нааразычылык акциясы - Евромайдан башталган. Бул акцияга өкмөттүн Европалык биримдикке кирүү тууралуу келишимге кол коюуну бир аз токтотуп коё туруу чечими себеп болгон. Акциянын катышуучуларынын максаты Украина менен Европалык биримдиктин бирге болуу келишимине кол койдуруу, 2013-жылдын 30-ноябрынан кийин - өкмөттү жана президентти отставкага кетирүү, 2014-жылдын 16-январынан кийин - жаңы мыйзамды жокко чыгарып, мурунку 2004-жылкы конституцияга өтүү жана нааразылык көрсөткөн камактагыларды чыгаруу болгон.

Акция ар кандай митингдер менен коштолгон. 30-ноябрдан баштап укук коргоо органдары менен акциянын катышуучулары кагылышып, Киевдеги административдик жана өкмөттүк имараттарды басып алышкан. Ал эми 2014-жылдын 22-январында аймактардагы жергиликтүү бийликтин имараттарын басышкан. Жыйынтыгында премьер-министр Николай Азаров отставкага кетип, Виктор Янукович бийликтен кеткен. Мурунку оппозиция убактылуу өкмөт болуп шайланып, 2004-жылдын Конституциясына кайтышкан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан