реклама

6-август, 1942-жылы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон

Кыргызстан
Дзоттун амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган жана ал үчүн Советтер Союзунун Баатыры аталган Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон.
Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кирген.
Ал гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген.
  (80 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: