11- Декабрь 2013 -жылы Депутаттар орусиялык "Газпром" АККсына "Кыргызгаз" ишканасын 2 миллиард сом карызы менен сатууга макулдук берген
"Кыргызгазды" орусиялык "Газпромго" сатуу маселесине парламенттин 5-чакырылышынын депутаттары чекит коюшкан. Алар "Кыргызгаздын" "Газпромго" 1 долларга сатылышын колдоп беришкен. Катталган 97 эл өкүлүнүн ичинен 19у, 5 фракция лидеринин арасынан бирөө гана каршы добуш беришкен. Эл аралык макулдашуунун ратификациясы депутат Өмүрбек Текебаев сунуш кылган пункт менен кабыл алынган. Башкача айтканда, "Кыргызгазды" сатып алган "Газпром" өлкөдөгү газ тармагына толук ээлик кыла албайт. Кыргызстанда газ куурларын тартып келүү менен башка өлкөлөрдөн да газ алуу укугу калган. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жылды түзүп, бул мөөнөт аяктаганда Кыргыз өлкөсү ишкананы өзүнө сатып алууга укуктуу болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан