30- Ноябрь 1951 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков туулган
V, VI чакырылыштардагы "Ар-намыс" фракциясынан ЖКнын депутаты Анвар Артыков Ош областынын Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1977-жылы Анжиян пахтачылык институтун "инженер-механик" адистиги боюнча аяктаган. 1989-1991-жылдары - КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу.
Эмгек жолун 1966-жылы Кыргыз ССРинин Турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу булгаары тазалоо конторасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1973-1975-жылдары Мосвка аскердик округунда аскер кызматын өтөгөн;
1979-1981-жылдары Ош автобазасында башкы инженер болуп иштеген;
1981-1984-жылдары - КамАЗ автомашиналарын тейлөө жана тетиктер менен камсыз кылуу борборунун Ош аймактык бөлүмүнүн директору;
1984-1991-жылдары – Ош обкомпартиясынын өндүрүш бөлүмүндө инструктор, Жалал-Абад обкомпартиясынын экинчи катчысы, Кыргызстан Компартиясынын БКнын иш башкаруучусу;
1999-2000-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2004-2005-жылдары Дүйнөлүк банктын энергетика жаатындагы долбоорун жетектеген;2005-жылы Ош областынын Элдик кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2005-жылы Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткарган;
2010-жылдын октябрында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы, ал эми 2015-жылдын октябрь айында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Депутат Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, 5 баланын атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан